14.06.2019 15:30

Экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуучу документке кимдер кол койду? Тизме ачыкталбай келет

Экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуучу документке кимдер кол койду? Тизме ачыкталбай келет

Жогорку Кеңеш депутаттары Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиктен ажыратуу маселесин көтөрүп чыгышкан. Депутат Канат Исаев 12-июнь күнү расмий документке кырктан ашык депутат кол койгонун билдирген.

Бирок, кайсы эл өкүлү кол койгону эмдигиче белгисиз. Ошондой эле, документте эмне деп жазылганы да сыр сакталууда.  

April.kg порталына парламенттеги өздүк булактар билдиришкендей, документ чала жазылгандыктан, жарыяланбай жатат. Кийинчерээк оңдоп-түзөтүүлөр киргизилет. Ошондо Жогорку Кеңештин кырктан ашуун депутаты бүтпөгөн документке кол койдубу деген суроо жаралат.